Ала-Бука районунда 7-май күнү саат 21:00 чамасында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдан улам сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ак-Башат айылы менен Биринчи Май айыл аймагын байланыштырган Сумсар суусуна ашар жолу менен курулган бир көпүрөнү суу алып, бирөөсү авариялык абалга келген. Сумсар суусунун деңгээли көтөрүлүп, 1 турак үйгө сел суулары кирген. Учурда жашоочулар кошуна жашаган туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Ошондой эле Ак-Башат айылынын таза суу менен камсыз кылуучу түтүктү сел алып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.