“Донецк Элдик Республикасы” 2014-жылдын 11-майына белгиленген референдумду артка жылдырбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өлкөнүн премьер-министри Мирослав Руденко чет элдик ММКларга кабарлады.
Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин референдумду артка жылдырууну сунуштаган. Путин Киевдин түштүк-чыгышындагы окуяларга каршы операцияны токтотууга чакырган.
Ал эми бүгүн Украинанын Коопсуздук кеңеши атайын операцияны улантуу Донецктин референдум боюнча чечиминен көз каранды эместигин билдирди.