* Мындан 511 жыл мурун, 1503-жылы Христофор Колумб Кайман аралдарын ачкан. Кайман аралдары Чоң Кайман, Кичи Кайман жана Кайман-Брак деп бөлүнөт. Аралдар Куба менен Ямайканын ортосундагы Кариб деңизинен орун алган. Ал жерди байырлаган элдин аты белгисиз бойдон калган. Испаниялыктар Лас-Тортугас деп атап жүрүшкөн. Кыргыз тилине “таш бакалар аралы” деп которулат. Кийинчерээк ал аралдарда крокодилдер көп экени аныкталып, аралдардын аты өзгөртүлгөн.

* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Көк-Жар жаңы конушундагы мечитте "кримавторитет" Рыспек Акматбаев атылып өлтүрүлгөн. Рыспек Акматбаев мечиттен чыгып келатканда аны көздөй белгисиз бирөөлөр ок жаадырган. Акматбаев ошол жерден кайтыш болгон. Атылган октон дагы эки өспүрүм бала жарадар болгону айтылган.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Тбилисидеги “Эркиндик” аянтында теракт уюштурулган. Анда грузин жараны Жорж Буш жана Михаил Саакашвили отурган жакка граната ыргыткан, бирок ал жарылган эмес.