Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткенде туткунда калган жок. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди. “Учурда Абдырахман Маматалиев Баткен районунда митингчилер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат” деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин Баткен ОИИБинин кызматкери Дамира Юсупова аталган министрди жергиликтүү тургундар туткунга алышканын билдирген эле. Айрым ММКлар Маматалиев камалып турган үйдүн сүрөттөрүн жарыялашты.