Баткен: Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Орто-Боз айылынан чыгып кетти

Баткенде элдин туткунунда турган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Орто-Боз айылынан чыгып кетти. Муну бүгүн, 8-майда аймактагы өздүк булагыбыз кабарлады. Маматалиев камалып турган үйгө атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери барышып, министрди чыгарып кетишкени белгилүү болду. Чогулгандар министрдин унаасын таш бараңга алышты.

Айта кетсек, буга чейин чогулгандар Мамат Айбалаевди Баткен облусуна губернатор кылмайынча Маматалиевди бошотпой тургандыктарын айтышкан эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан