Жылнаама, 11-май: Мындан 41 жыл мурун балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 47 жашында каза болгон

* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы немис илимпозу Альберт Эйнштейн коомчулукка өзүнүн “салыштырмалуулук теориясын” тааныштырган.
* Мындан 86 жыл мурун, 1928-жылы Нью-Йоркто дүйнөдөгү алгачкы телеберүүлөр көрсөтүлө баштаган. 
* Мындан 41 жыл мурун балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 47 жашында каза болгон. Ал 1929-жылы Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген. Атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. 1936-41-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенген. 
Кыргыздын улуттук “Чолпон”, ”Анар” партияларын аткарган. Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында сабак берген. СССРдин Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРнин депутаты болгон.
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Кыргызстанда чыгарылган товарларды жарнамалоо максатында Бишкек шаарында биринчи жолу «Кыргызстан» Эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылган.
11-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан