Кечээ, 7-майда Баткендеги жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олим Рахимов менен жолугушуп, ага расмий нотасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын аймагында тажик жарандарынын мыйзамга каршы иш-аракеттерине тынчсыздануусун билдирди. Ал эми кыргыз жарандарына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу менен күнөөлүүлөрдү аныктоо жана жазалоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.