Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин кабыл алып, 9-Май – Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.
А.Жээнбеков согуш ардагерлеринин эрдигине токтолуп, алардын дүйнөдө тынчтыктын сакталышында зор роль ойногонун белгиледи. "Сиздер жеңиш үчүн кан-жаныңарды аябай күрөшкөнүңүздөрдү ар бир кыргызстандык билиши керек. Азыркы муун сиздердин каармандыгыңыздарды баалашы абзел. Сиздер акыйкаттык тарапта болуп, адилеттүү келечек жана дүйнө жүзүндө тынчтык сакталышы үчүн күрөштүңүздөр. Сиздерге баш ийип таазим кылабыз, ал эми мекенибиздин эркиндиги үчүн жанын бергендерди эскеребиз. Биздин негизги милдет – согуш ардагерлеринин татыктуу жашоосу, бактылуу карылыгы үчүн кам көрүү",- деди спикер.
"Соңунда ардагерлерге төраганын резервдик фондунан акчалай жардам көрсөтүлүп, эстеликке сүрөткө түшүштү" деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.