Жогорку Кеңешинин төрагасы
Асылбек Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 69 жылдыгына байланыштуу КМШ өлкөлөрүнүн парламент төрагаларына куттуктоо жөнөттү.
"9-Май биздин элдердин фашизмге карата бир максатты көздөй күрөшкөндүгүн, келечек муундун тынчтыкта жашоосуна болгон өчпөс жоокердик даңкы менен кажыбас каармандыгын символдоштурат. Мурунку Советтер Союзундагы аталар менен чоң аталар майтарылгыс мүнөз, эрк жана биримдикти көрсөтүп, дүйнө элдерине эркиндикти тартуулашкан",- деп айтылат куттуктоодо.
Жээнбеков кесиптештеринен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине куттуктоолорду айтып, узак өмүр, бекем ден соолук тилеген каалоолорду жеткирип коюуну өтүнгөн.
Куттуктоо төмөнкү спикерлерге жолдонду:
Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкинге,
Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого, Өзбекстандын Олий Мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Дилорам Ташмухамедовага, Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенатынын төрагасы Илгизар Собировго,
Беларустун Улуттук Жыйынынын Республика Кеңешинин төрагасы Анатолий Рубиновго,
Беларустун Улуттук Жыйынынын Өкүлчүлүк палатасынын төрагасы Владимир Андрейченкого, Тажикстандын Олий Мажилисинин Милли мажилисинин төрагасы Махмадсаид Убайдуллоевге, Тажикстандын Олий Мажилисинин Намояндагон мажилисинин төрагасы Шукуржон Зухуровго, Азербайжандын Милли Мажилисинин төрагасы Октай Асадовго,
Түркмөнстандын Мажилисинин төрайымы Акдже Нурбердыевага,
Грузиянын парламентинин спикери Давид Усупашвилиге,
Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге,
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Кабибулла Жакуповго,
Молдова Республикасынын Парламентинин төрагасы Игорь Корманга,
Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Галусту Саакянга.