КРнын Президенти
Алмазбек
Атамбаев 8-майда Орусиянын президенти
Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчылары биргеликте ишке ашыра турган долбоорлорду талкууга алышты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында иш алып баруу (ЖККУ) менен чектелбей, соода-экономикалык тармак да өнүгүп жатканын белгилеп
өттү.
Ошондой эле товар алмашууда Орусия Кыргызстан үчүн алдынкы орунда келе
жатканы жакшы жышаан экенин айтып: “Товар алмашуунун 28 пайыз болушу жакшы
көрсөткүч, бизде биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор бар. Албетте, силер
менен интеграциялык процесстердин алкагында, анын ичинде Бажы биримдиги боюнча пландарды талкуулайбыз”,- деди.
Өз кезегинде КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканын баса белгилеп өттү. "Акыркы убакта кызматташтыктын жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын байкоого болот. Биргелешкен долбоорлордун өз учурунда ишке ашарына ишенем",- деди Атамбаев. Мамлекет башчылары бири-бирин 9-Май - Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.