Кыргызстан менен Орусия ар дайым фронттун бир тарабында болот. Муну президент Алмазбек Атамбаев 8-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканда билдирди. Орусия президентин 9-Май майрамы менен куттуктаган Атамбаев: “Биз фронтчулардын балдарыбыз. Бул күндүн (9-Май - Жеңиш күнү) унутулбашы үчүн баарын жасашыбыз керек. Аталарыбыз биргеликте фашизмди токтоткон. Бизде ири долбоорлор ишке ашырылып жатат, бүгүн аларды дыкат талкуулап жатабыз. Биз ар дайым Орусия менен фронттун бир тарабында болобуз”,- деди.