Кыргызсандын Орусиядагы элчисинин биринчи катчысы кечээ, 8-январь түнкү саат 23:45те автокырсыкка кабылган. Мындай маалыматты Орусиянын басылмалары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, кырсык Москва шаарынын Севастопольск проспектисинде болгон жана элчиликтин кызматкеринин дипломатиялык картасынан өздүгү аныкталган. Басылмалардын билдирүүсүндө, катчы Александр Криворучко мас абалында Suzuki Grand Vitara үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калган. Унаада башка жүргүнчү да болгон. Жыйынтыгында кырсыкка кабылгандар ооруканага жеткирилди.