2014-жылдын 7-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кызыл-Октябрь айылындагы турак жайларды суу каптап кеткен. Болжол менен 250 үйдүн короо-жайын суу каптаса, 30га жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен. Мындан улам 8-май күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ал жакка барып, селден жабыркаган эл менен жолугушту.
Ошондой эле бир жарандын 8 коюн, тоокторун сел алып кеткен. Жарактан чыккан үйлөр дагы бар. Сел мектептин ичине да киргендиктен, окуу болгон жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай окуя 1982-жылы да болгон. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы селдин кесепеттерин иликтөөдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-майда билдирди.