Нарын шаардык соту Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча чечимин кайтарып алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кечээ, 8-майда билдирди.
Маалым болгондой, Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия бардык материалдарды карап чыккан. Башкы прокурордун орун басары тарабынан берилген Батукаевдин оорусу тууралуу медициналык чечим жасалма экендиги жөнүндөгү кызматтык катты башкы прокурорго жөнөтүшкөн.
Ал эми башкы прокурордун орун басары Лидия Усманова Нарын шаардык сотуна жаңы ачылган маанилүү кырдаалдарга байланыштуу, 2013-жылдын 9-апрелиндеги камактагы Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу соттук материалдарды кайра карап чыгуу боюнча чечимин жолдоп, Нарын шаардык соту Лидия Усманованын чечимин канааттандыргандыгы белгилүү болду.