"Унаалардан баалуу буюмдарды уурдап жүргөн" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Беш-Күнгөй айылынын Жаныбек аттуу тургуну укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, белгисиз адамдар унаасынан баалуу буюмдарды уурдап кетишкендиктерин кабарлаган. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында Руслан аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу шектүү катары кармалган. Тергөө учурунда кармалган жарандын дагы эки кылмыш ишине тиешеси бар экени ачыкталган. Учурда иликтөө иштери уланууда.