Кыргызстандын бардык аймактарында сатып алуучулардын укугун коргоочу комиссия иштей баштады
Бүгүн, 9-январдан баштап кардарлардын укугун коргоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында райондук комиссия иштей баштады. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигине караштуу Ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башчысы Назина Алыкулова маалымдады. Анын айтымында, мындан кийин сатып алуучулар мыйзамдын негизинде өз укуктарын коргоп, сатуучулар тарабынан туура эмес мамиле жасалса, арыздана алышат. “Түзүлгөн комиссия кардарлардын укугун коргоо менен эле чектелип калбастан, аларга өз укуктарын коргоону ар кандай акцияларды уюштуруу жолу менен үйрөтөт. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү үчүн январь айынын соңунда семинарлар өткөзүлүп, мындай иш-чара Ош шаарынан баштап Чолпон-Атада аяктайт”,- деди Алыкулова.