Украинанын президенттигине талапкер Пётр Порошенко “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенкого президенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт менен бирге иштешүүнү сунуш кылды. Бирок Тимошенко сунуштан баш тартты.
Бул тууралуу Порошенконун ишенимдүү өкүлү Юрий Луценко бүгүн, 9-майда Киев ММКларына билдирди. “Батькивщина” партиясына премьер-министрлик кызмат боюнча макулдашуу сунушталды. Тилекке каршы, сунуш четке кагылды”,- дейт Луценко. Анын айтымында, бул “Батькивщина” партиясынын туура эмес чечими болду.
“Украина мамлекети жашап кетүү үчүн бул нерсе зарыл болчу. Ошондой эле демократиялык күчтөрдүн лидерлери ич ара согушту токтотушу керек”,- деп кошумчалады ал.