Чүй облусунун эки тургуну "уюлдук телефон уурдаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кыялбек аттуу Бишкек шаарынын тургуну "Дордой" базарынан кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдатып жибергенин кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Ирина аттуу тургунун кармашкан.
Ошондой эле Рефик аттуу Новопавловка айылынын тургуну "Евгений аттуу жарандын уюлдук телефонун кафелердин биринен уурдап кеткен" деп шектелүүдө. Учурда аталган окуялар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.