Өткөн суткада Кыргызстанда 16 өрт кырсыгы катталды
Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 16 өрт кырсыгы катталганын ӨКМдин Өрткө каршы агенттиги билдирди. Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 2, Таласта - 2, Жалал-Абад облусунда - 3, Баткен облусунда - 1 өрт кырсыгы орун алды. Коопсуздуктун сакталбаганынан келип чыккан тилсиз жоодон Бишкектин Асанбай кичи районунда жайгашкан мөмө-жемиш павильону толук өрттөнүп кетти.