Сирияда согушчул топтун катарында жүрүп келген кыргызстандык жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 1977-жылы туулган М.И. аттуу тургуну 2013-жылдын октябрь айынан 2014-жылдын апрель айына чейин Сириянын аймагында «Жабхат ан-нусра» деп аталган согушчул уюмдун куралдуу аракеттерине катышып келгендиги аныкталып, Кыргызстанда камакка алынды. Иликтөө иштери уланууда.