Бишкекте милиция кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топ 8-январдан 9-январга караган түнү 5 кылмыштын бетин ачышты

Бишкек шаарында 8-январдан 9-январга караган түнү 5 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады. Бул түнкү кылмыштар атайын түзүлгөн түнкү милиция кызматкерлер тобу тарабынан катталып, кылмышка шектүү жарандар изи сууй элегинде кармалган. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 30-декабрында Бишкек ШИИБнин башчысы Мелис Турганбаевдин буйругу менен милиция кызматкерлерине борбордо кечки саат 22:00дөн таңкы 07:00гө чейин иштөө режими киргизилип, мобилдүү топтор түзүлгөн. Ал эми 30-декабрдан 9-январга чейин жалпы 25 кылмыш ишининин бети ачылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан