Бүгүн, 9-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ош облусуна жасаган иш сапарында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сариева ардагерлерди майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узак жашоо каалады жана ардагерлердин эрдиги муундан-муунга эстелик катары кала берерин белгиледи.
“Учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын мисалында тынчтыктын маанисинин жогору экенин баалашыбыз керек. Биздин келечекти камсыз кылган аталарыбызга таазим этүүгө милдеттүүбүз”,- деп белгиледи вице-премьер.
Андан соң Эльвира Сариева Ош шаарында жашаган айрым ардагерлердин үйүнө барып, аларга акчалай белек тапшырды.