Асылбек Жээнбеков: "Согуш ардагерлеринин эрдигин даңктап, сый-урмат көрсөтүүгө милдеттүүбүз"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 9-Май - Жеңиш күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 

"Урматтуу мекендештер! Ардактуу согуш ардагерлери жана оорук эмгекчилери!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан 9-Май - Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктаймын.

Биздин аталарыбыз кандуу согушта каармандыгын көрсөтүп, урпактардын келечеги үчүн ажалга тике карашты. Кыргызстандын намыскөй, эр көкүрөк жигиттери кан-жанын аябай, жеке эле Ата Мекени үчүн эмес, Жер жүзүндөгү тынчтыкты жана адилеттүүлүктү сактоого ат көтөргүс салым кошушту. Алардын эрдиги бүгүнкү муунга үлгү, тарыхый сабак болуп калды.

Бул күнү кан майданда окко учкан баатырларыбызды эскерип, чыныгы урмат-сыйдын ээси катары төрүбүздө отурган чоң ата, чоң энелерибизге башты ийип таазим кылабыз. Тилекке каршы, ардагерлерибиздин катары жыл өткөн сайын суюлуп бара жатат. Биз алардын эрдигин даңктап, терең сый-урмат менен мамиле жасоого милдеттүүбүз.

Согуш ардагерлерине, оорук эмгекчилерине бекем ден соолук, бейпил турмуш каалайм.

Бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда дайыма тынчтык болсун! Элибиздин ынтымагы мындан дагы бекемделип, эгемен мамлекетибиз өнүгүп-өсө берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан