Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагындагы Кыргызстандын Маданият күндөрү өтүп жатат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери жана башкалар катышууда.
ЖКнын маалымат кызматы “Таврия сарайы” комплексинде бардык каалоочулар үчүн көргөзмө-жарманке уюштурулуп, ага кыргыздын боз үйү, кыргыз элинин тиричилигинде колдонулуп келген элдик чыгармачылыктын ар кандай жасалгалары коюлду" деп билдирет.