Баткен. Абдырахман Маматалиев аткезчилик менен ташылуучу жүктөрдү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берди

КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда чек ара жаңжалдарын чечүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу жана аткезчилик менен жүк ташууну көзөмөлдөө маселелери талкууланды. 

"КРнын мыйзамына ылайык, аткезчилик менен чек арадан мыйзамсыз жүк ташуу боюнча чаралар көрүлүүдө",- деди вице-премьер-министр. Бул багытта облустагы тийиштүү күч түзүмдөрүнө тапшырма берип, жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышта болуу керектигин айтты. 

Облус тургундары кыргыз-тажик чек арасында жашагандардын жашоо шартын жакшыртуу, оорукана, бала бакча, мектептерди курууга көңүл бурууну айтышты. Ошондой эле чек арада такталбай жаткан жерлерге байланыштуу маселени тез арада чечип берүүнү суранышты. Бул тууралуу 9-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан