Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында "Жеңишбек Сайдиевди атып кеткен" деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, кармалгандар Ош шаарынын 1972-жылы туулган Н.Т. жана Кара-Суу районунун 1982-жылы туулган С.И. аттуу тургуну. Алар алгачкы эле суракта өз кылмыштарын моюнга алышкан. Аталган жарандардын кылмышка баруусуна маркум Ж.Сайдиев менен ич ара чыр-чатак себеп болгондугу айтылууда.
Эске салсак, 30-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, анда Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган.
Жабырлануучуга 1-майда операция жасалган эле. Бирок ал алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумган.