Украина: Мариуполь шаарында жикчилдер менен Украина аскерлеринин ортосунда кайрадан атышуу башталды

Бүгүн, 9-майда Украинадагы Донецк облусунун Мариуполь шаардык кеңешинин имараты өрттөнүп жатат. Ал эми жикчилдер менен украиналык аскерлердин ортосунда кайрадан атышуу күч алды. Бул тууралуу 9-майда Украинанын ММКлары жарыялашты.

Маалыматта “Мариуполдо шаардык кеңештин биринчи кабаты күйүп жатат. Ал эми жикчилдер менен Украинанын аскерлеринин кагылышуусунан учурда бир адам көз жумду, жаракат алгандар да бар” деп айтылды.

Буга чейинки маалыматтарда Мариуполдогу атышуудан төрт киши жаракат алганы айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан