Баткенде коомдук-саясий абал туруктуу. Ош-Баткен-Исфана унаа жолу ачылды. Бул тууралуу 9-майда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн саат 13:35те Баткен районунун Көк-Таш айылында болжол менен 120-130га жакын тургун менен жыйын өткөрүлгөн.
"Жыйындын соңунда КРнын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов баш болгон жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин эл менен жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Исфана-Баткен автоунаа жолу ачылды. Саат 13:45те Көк-Таш айылында автоунаа каттамдары жандандырылып, чогулган эл толугу менен тарап кетти" деп айтылат маалыматта.
Аталган айылда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдер арасында чагымчылдыкка жол бербөө боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тарипте кызмат өтөшүүдө.