Куршаб айылында туруктуулукту көзөмөлдөө үчүн милиция кызматкерлеринен жана айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлерден күзөт тобу уюштурулду. Бул тууралуу Ош облустук ИИББнин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Учурда абал туруктуу. Эске салсак, кечээ, 8-январда Өзгөн районунун Куршаб айылында кытай мигранттары менен жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ чыгып, эки тараптан 20дан киши жабыр тарткан. Анын ичинде 5 милиция кызматкери ооруканага кайрылган. Ал эми 21 кытай жараны мас абалда болгондугу ырасталды.