Биринчи вице-премьер-министр аталган облуста республикалык бюджеттин эсебинен дагы 2 жаңы мектептин курулушу башталарын айтты. Жеңиш күнүндө башталган жаңы мектептин курулушу 260 окуучуга эсептелген. Курулушуна 20 миллион сом багытталат. Мектепти кийинки жылы 1-сентябрда колдонууга берүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.