Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына карата Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсяндан, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовдон куттуктоолор келип түштү.
“Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдаганыбыз Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскергенибиз болот деп ишенем”, - деп айтылат Владимир Путиндин куттуктоосунда.
Өз куттуктоосунда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов: “Ушул ыйык күнү биз өз өмүрлөрүн аябай согуш талааларында чексиз каармандыгы менен тынчтыкты жана эркиндикти алып келип, ошол катаал жылдары оорукта эмгектенип, биздин жалпы жеңишибизди камсыз кылгандардын жаркын элестерин терең урматтоо жана чоң ыраазычылык менен эскеребиз”,- деп белгиледи.
“Биздин элдерибиз согуштун катаал сыноосун биримдик, ынтымак менен жеңишкен. Биздин ата-бабаларыбыз ырайымсыздыкка, катаалдыкка, кулдукка каршы тайманбастан туруктуулук менен күрөш жүргүзүп, адамзаттын жаркын келечеги үчүн өз өмүрлөрүн аяган эмес. Тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылгандары үчүн биз алардын жаркын элестерин дайыма ыраазычылык сезими менен эстейбиз”,- деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.
Армениянын президенти Серж Саргсяндын куттуктоосунда: “Арменияда да, Кыргызстанда да азыркы жана келечектеги муундарга үлгү болуп калган, улутчулдукка каршы күрөштө кайталангыс эрдик жана каармандык көрсөткөндөрдүн жаркын элестерин терең урматташат”,- деди.
Орусиянын, Армениянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалашты.