Украина: Мариуполь шаарында Украина аскерлеринин огунан 8 жикчил каза тапты

Украинанын Мариуполь шаарында Ички иштер башкармалыгынын имаратынан украиналык аскерлер чыгарылгандан кийин башкармалыктын имараты күйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Украина парламентинин депутаты Олег Ляшко чет элдик ММКларга билдирди.

Маалыматтарга караганда, имараттын ичинде катуу атышуу болуп өттү.

Олег Ляшко журналисттерге: “Мариуполдо украин аскерлеринин огунан “Донецк Элдик Республикасынан” 8 жикчил көз жумду. Эки тараптан тең жаракат алгандар бар, бирок алардын саны тактала элек”,- деди.

Ал эми дарыгерлер окуядан 2 киши каза болгонун жана 8 адам жаракат алганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан