Бишкекте 24 жаштагы айымды зордуктоого аракет кылган адам кармалды. Муну бүгүн, 10-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Кылмышка шектүү адам - 30 жаштагы К.Мирлан. Ош облусунун Көк-Жар айылынын тургуну. Милицияга 24 жаштагы Т.Айпери аттуу айым кайрылып, белгисиз адам күч колдонуу менен зордуктоого аракет кылганын айткан. Свердлов РИИБинин кызматкерлери ыкчам чара көрүп, шектүүнү кармашты. Учурда иликтөө жүрүп жатат.