Бишкек шаарында "уюлдук телефон уурдаган" деп шектелген адам кармалды. Муну бүгүн, 10-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме буларды билдирет:
"Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну М.Гүлнара милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучу "Аламүдүн" базарынын жанында жайгашкан чач кырктыруучу жайдан белгисиз бирөөлөр "Нокиа 5530" үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин айтты. Ыкчам чара көрүлгөндөн кийин кылмышка шектелип 24 жаштагы М.Майрамбек аттуу жаран кармалды. Териштирүү жүрүп жатат".