Чүйдүн Сары-Жон айылында помидор өстүргөн 1,5 гектарлык күнөскананын ачылышы болду (фоторепортаж)      

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында бүгүн, 10-майда күнөскананын ачылышы өттү. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана башкалар катышты.

Кыргызстандагы күнөсканалар ассоциациясынын президенти Говард Синдин айтымында, аталган күнөскананын аянты 1,5 гектарга жакын, анын басымдуу бөлүгүндө помидор өстүрүлөт. “Биздин планыбыз боюнча, жылына 500 тонна помидор чогултулат. Бул долбоорго бөлүнгөн инвестициянын өлчөмү 2 миллион доллар”,- деди ал.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан жашылчаларды Өзбекстандан жана Кытайдан сатып алат. Ошондуктан баалар кымбат. Республиканын аймагында күнөсканаларды иштетип, кыргызстандыктар үчүн жашылчалардын баасын арзандатсак деген ой менен ушундай долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдөбүз”,- деди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.

Белгилей кетсек, аталган күнөсканада 47 кыргызстандык иштейт. Алардын орточо айлык маянасы 9 миң сомду түзөт. “Бизге тамак-аш бекер берилет. Эч кандай даттануубуз жок. Биздей айылдыктар үчүн айлыгыбыз жетиштүү”,- деди күнөскананын кызматкерлеринин бири.

Айта кетчү нерсе, күнөскананы ачуу боюнча долбоор Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Azem2013
2014-05-10 13:30:31
Бул ошондо Сарпашевдин бизнесиго ээ?
0
Azem2013
2014-05-10 13:37:43
Ушуга окшогон бизнестерди эмне учун мамлекетибиз озу иштетип, бюджетти толтура албайт. Кудайга шугур жер кенен. Сурап келген карыздарын ушинтип иштетип актай турган нерселерге жумшаса, онугуп башкача жашабайт белек. А депутаттарыбыз минтип элдин камын эмес оз чонтогун толтуруунун камын ойлоп чуркап журушот!
+1
alas
2014-05-11 10:12:46
Azem2013, туура айтасын ошону АША куруп элге иш берсе болбойбу чет олкодон киридит алып жейбербей
-1
aikol87
2014-05-11 11:28:48
Azem2013, туура айтасын. Бюджетке тушо турган иш каналарды ачса болмок.
0
Erhan
2014-05-10 13:37:52
Кимдики болсо болсун Кыргызстанга пайда келтирсе болду !
+1
spakleishn
2014-05-10 23:48:06
Erhan, Пайданы эле ойлобой ошол нерсени озубуз жазашты ойлонуш керек.
0
kristiano
2014-05-10 14:22:26
было бы таких по больше, мисалы ар бир облуска ачыш керек, жыл бою элди камсыз кылып турса жакшы болот эле
0
bakay93ka
2014-05-10 14:40:07
жакшы ушунтип иштесе болот экенго кыргызстанда да
+1
kamyr26
2014-05-10 15:52:21
Бир гана озунорду ойлобой Эл учун деп ушинтип кунос кана тоок кана ачсанар жумушсуздук азаймак
0
kama_future_millioner
2014-05-10 17:40:07
Кичине болсода жумуш оруну тузулуптур
0
Nurik540iibm
2014-05-10 17:55:06
Кытайлыктардан уйронуш керек миндай бизнестерди жургузушту Жашылча Сут азыктарын ондуруну кэн байлыктардан тура пайдалануну жолга салсак Анан электр эн.я Туризм Табыйгазды иштетуну жолго салсак Кыргызстанда озгоруш алдыга жылыш болот!Алга Кыргызстан!!!!!!!!!!
0
baibai71
2014-05-10 19:34:42
Сарпашев газ качан келерин билбейт,аа помидор жеп жута турган кай жерде болсо ошол жерде экен да.Ой бийликтин мансапкорлору Ошко газды эртерээк бердиргилечи,а так эл мен кыйналдым.
-1
Mech.kg
2014-05-11 00:11:20
Азаматтар министлик денгээлде ушул иш болуптур.соз жок
+1
Sharipa-asia
2014-05-11 09:57:34
Элдин адамдары кобойо берсин!
0
Baktyyar
2014-05-11 13:31:19
Бали бали , Жанагы оппозициянын окулдорундо 2 милион доллар жокпу ?! Талап кылганды коюп ушундай пайдалуу нерселерди курсун . Анан чыгат элек ошолорду колдоп . Бул дагы Окмоттун кылып жатканы . Кээ бироолор кана эмне кылды эле дей беришет . Кылынбаган нерсе коп , бирок кылынып жаткан нерселер да болуп жатат . Куруш кыйын бузуш оной дегендй .
+1
Apsi
2014-05-11 15:20:48
pomidordu arzan jep kalatkenbiz da emi!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан