"Ошко газдын кайсы күнү берилери белгисиз" дейт Тайырбек Сарпашев  

"Ош шаарына газ берүү маселеси Орусия жана Өзбекстан тараптарынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгынан көз каранды",- деди журналисттерге бүгүн, 10-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.
Анын айтымында, жакында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Москвада бул маселе боюнча бир топ сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. "Ошко газ кайсы күнү берилери так белгилүү эмес. Бирок "Газпром" Ошко газ берүү маселеси жакынкы арада чечилет деген ишеничте. Жаратылыш газы Өзбекстандан чыгабы, Казакстандан чыгабы, ал "Газпромго" таандык болот",- деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан