Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш бир катар чек ара пункттары убактылуу жабылды

Бүгүн, 9-январда Кыргызстандын чек ара кызматы Өзбекстан менен чектеш бир катар чек ара пункттарын убактылуу жапты. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Кайтпас-автожол”, “Кызыл-Кыя-автожол”, “Өтүкчү-автожол” өткөрүү пункттары, “Боз-Адыр”, “Чечме”, "Кызыл-Тоо" көзөмөл посттору убактылуу жабылды. Бул чечим Сох анклавында чыккан 5-январдагы чырдан улам аймактагы абалды турукташтыруу максатында кабыл алынгандыгын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан