Жалал-Абадда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрель күнү саат 17:30 чамасында Ноокен районунун Үч-Там жайлоосунан агып өткөн Нарын дарыясынан азиат улутундагы, жашы 25-30 чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Бул боюнча “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө өлүктүн баш сөөгүнөн 1 даана боз түстөгү травматикалык куралдын огуна окшош тоголок формадагы зат, 1 даана кара түстөгү резина алынган. Ошондой эле сөөк 1990-жылы туулган Улукбек Мадрахимов аттуу жаранга тиешелүү экендиги аныкталган.  

Жалал-Абад ОИИБи жана Ноокен РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган З.Умурзаков, 1990-жылы туулган Э.Курбаналиев, 1990-жылы туулган Б.Мойдинов, 1991-жылы туулган З.Мадраимов, 1995-жылы туулган Д.Малюженко жана 1991-жылы туулган М.Хан кармалды. Алар жасаган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 10-майда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан