Жалал-Абад облусунда баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 10-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 569-чакырымында кызыл түстөгү Опель Фронтера унаасы токтотулган. Ошол учурда айдоочу милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылган. Бирок өз учурунда айдоочуну кармап калышкан. Ал Ош облусунун 32 жаштагы тургуну Барсбек Асылбеков болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаасынын ичинен көк түстөгү пакетке оролгон 60 грамм баңгизат алынган.