"Мектеп имараттарын курууга мамлекеттин каржы жагынан толук шарты жок. Мамлекеттик иш системди өзгөртүүгө аракет кылууда, биз мектептерди арзан жана кыска мөөнөттө куруу сыяктуу туруктуу мисалдарга көңүл бурушубуз зарыл". Муну 9-майда вице-премьер-министр
Эльвира Сариева Ош облусундагы иш сапарында билдирди.
Вице-премьер-министр Ош шаарындагы азиз жана көрүүсү начар атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектептин шарты менен таанышып чыкты. Былтыр жатак-мектептин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгы белгиленген. Учурда бул мекемеде 105 бала тарбияланары айтылды.