Жоомарт Оторбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 10-майда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйду кабыл алды. Анда тараптар эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы, инфраструктуралык долбоорлордун аткарылышы боюнча пикир алышты. 

"Экономикалык тармакта эффективдүү кызматташып жатканы үчүн Кытайга ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин өлкөдөн келген инвестициянын арты менен учурда ири долбоорлор иштеп жатат. Кыргызстандын суроо-талаптарына сиз өтө тездик менен аракет жасап, узакка созулган бюрократиялык процессиз жардам көрсөтүп келесиз",- деди Оторбаев.

Премьер-министр туризм, гидроэнергетика тармагына Кытайдан инвестиция тартуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктү Кытайга экспорттоо маселесин да көтөрдү.  

Элчи Ци Даюй ушу тапта президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга иш сапары менен барары күтүлүп жатканын билдирди. "Бул иш сапар экономикалык жана социалдык тармактагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет деп ишенебиз",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан