10-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Шайдан участкасында 6 жашар Айтинур Бекжанов жоголуп, бир күндөн кийин жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Нургазы Бадалбаев 10-май күнү саат 15:00 чамасында бир туугандары менен эс алганы Кеңеш айыл аймагынын Шайдан участкасына барышкан. Ошол жактан 6 жаштагы баласы Айтинур Бекжанов жоголуп кеткен. Телефон байланышы жок болгондуктан, өздөрүнүн күчү менен 11-майда саат 01:00гө чейин издешип, караңгы кирип кеткенде таппай келе беришкен. Таң атканда Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө кабар беришкен. Райондук ички иштер бөлүмү 07:35те ӨКМнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кайрылышкан. Андан соң куткаруучулар тарабынан жоголгон баланын туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 12:00 чамасында Шайдан-Сай суусунан Айтинур Бекжановдун жансыз денеси табылып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.