* “Кыргызстан периси-2013” сулуулар сынагынын финалдык баскычы өтүп, анда 18 жаштагы Жибек Нукеева жеңүүчү болгон. Иш-чарага 21 бийкеч катышып, алар улуттук, кече, коктейль көйнөктөрү жана сууга түшүүчү кийимдер баскычы боюнча жарышкан. Жыйынтыгында Жибек Нукеева Индонезияда сентябрь айында өтө турган “Дүйнө периси” сынагына катышууга укук алган. Ал эми 2-орунду алган Мээрим Эркинбаева “Miss International”, 3-орунду ээлеген Мариам Есенова “Miss Continental” сынактарына жолдомо алышкан.
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 8 баллга жеткен зилзала болгон. 70 миңдей киши каза болуп, 300 миңге жакын киши жабыр тартса, 18 миң киши дайынсыз жоголгон.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Япониянын Кавасаки шаарында “Кыргызстандын салттары: шумкар жана бүркүт менен аң уулоого чыгуу” темасында сүрөт көргөзмө болуп өткөн. Иш-чара жыл сайын өтүүчү “Накахара Кайдо Жидай” фестивалынын алкагында уюштурулган.
12-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.