2014-жылдын алгачкы 3 айынын көрсөткүчүнө карата чыгарылган жыйынтыкка ылайык, Чүй облусу боюнча капиталдык салымдардын көлөмү 4 миллиард 37 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин 2014-жылдын алгачкы 3 айына карата жүргүзгөн анализинин жыйынтыгында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу 3 эсеге көп. Көрсөткүч өнөр жайды кайра иштетүүчү ишканаларынын эсебинен артып жатат. 3 ай аралыгында негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү (чет жактан келген кредиттерден каржыланат) 2 миллиард 729 миллион сомду түзгөн. Түз инвестициянын көлөмү 764,2 миллион сомго барабар. Мекемелердин, уюмдардын эсебинен 379,8 миллион сом каражат түшкөн.