Литва: Президенттик шайлоодо Даля Грибаускайте лидерлик кылууда

Литвада 11-майда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча өлкөнүн учурдагы башчысы Даля Грибаускайте лидерлик кылууда.

Чет элдик ММКларга таянсак, топтолгон добуштардын жыйынтыгы боюнча Даля үчүн электораттын 41,64 пайызы добуш берген. Ал эми экинчи катарда “Эмгек” партиясынын лидери Артурас Паулаус турат. Ал 17,32 пайыз добуш алса, үчүнчүдө социал-демократтардан Зигмантас Бальчитич 17,18 пайыз добуш жыйнаган.

Эгерде жалпы добуштардын жыйынтыгында Грибаускайте 50 пайыздан кем добушка ээ болсо, анда шайлоонун экинчи туру болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан