Бишкекте архитектуралык-техникалык документтери туура эмес 100дөй имарат бар экени айтылды

Бишкек шаардык прокуратурасында 8-майда жер тилкелерин берүү, курулуштарга көзөмөлдүк кылуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жыйын өттү. Муну бүгүн, 12-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга прокуратура органдарынын жетекчилери, шаардык Архитектура жана курулуш, Муниципалдык менчик башкармалыгынын, коомдук фонддордун өкүлдөрү катышты. Анда акыркы жылдары мыйзамсыз курулуштар боюнча прокуратурага даттангандардын көбөйүшү белгиленди. 
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында архитектуралык-техникалык документтери туура эмес 100дөй имарат түшкөнү, тармак боюнча мыйзамда кемчиликтер бар экени айтылды. Жыйындын катышуучулары бул тема боюнча тегерек столдорду уюштуруп, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча сунуш иштеп чыгуу чечимине келишти",- деп айтылат билдирүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан