Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы болгон.
Бишкек шаарында эки кабаттуу үйдө өрт чыккан. Маалыматтарга караганда, Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан 156-үйдүн 2-кабатындагы эки бөлмө жана120 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын туура эмес куроодон келип чыкканы белгилүү болду.