Нарын шаарындагы карылар үйү "Кызыл Ай" коому тарабынан ачылган. Учурда карылар үйүнүн карамагында 12 кары адам күн кечирип келет. Алардын тогузу эркек, үчөө аял. Бул туурасында карылар үйүнүн улуу эмчи айымы Жылдыз Жумагулова билдирди. Анын айтымында, кары адамдарга колдон келишинче камкордук көрсөтүлүп, дары-дармек, тамак-аш менен камсыз болуп келишет. Мындан сырткары шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуучулар, студенттер атайын марафондорду уюштуруп, мезгил-мезгили менен белектерди тапшырып, жардамдарын берип турушат. Жакында жаңы жылдык сый-куттуктоолор кары адамдарды кайдыгер калтырган жок. Алардын ичинде шаардын мэри эмгек жамааты менен бирге жаңы жылды тосуп жаткан 12 кары кишини куттуктады. Мэр: "Сиздер да өзүнчө бир тууган болуп калдыңыздар. Карылар үйүнө келип жашап жатабыз деп кейибегиле. Ар кандай тагдырлардан улам адамдар карыганда кароосуз калбаш керек. Биз сиздерге колдон келген бардык жардамдарды берип турабыз",- деп чакан белектерди тапшырды.