Чүй облусунда катталган өрт кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Аламүдүн районундагы Виноградное айылынын Чернышевский көчөсүндөгү 26-үйдүн чатыры жана бөлмөлөрү күйгөн. Өрт кырсыгы тууралуу маалымат саат 00:14тө келип түшүп, 04:10до толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Кырсык катталган жерден 1964-жылы туулган Мишин Владимир Николаевичтин күйгөн сөөгү табылган. Тамеки тартуудагы этиятсыздык кырсыкка себеп болгону айтылууда.