Бишкекте тигүү цехинде 28 жаштагы айымдын жансыз денеси табылып, күйөөсү анын өлүмүнө шектүү катары кармалды

Бишкекте тигүү цехинде айымдын жансыз денеси табылып, күйөөсү анын өлүмүнө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.

Ушул жылдын 10-майында Бишкектеги тигүү цехтеринин биринен бычактан жараат алып каза тапкан 28 жаштагы Айгеримдин жансыз денеси табылган. Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш- аракеттердин натыйжасында аталган айымдын өлүмүнө шектүү катары анын 30 жаштагы Адис аттуу күйөөсү кармалган.

Сурак учурунда каза болгон Айгеримдин күйөөсү кылмышты мойнуна алып, кызганычтан улам ушундай кадамга барганын билдирген. Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Salimboy
2014-05-12 11:06:09
Акча барбы деп Сурап жатса керек акчан болсо сен олтурсонда бир минутда кармабайбыз койо беребиз деп бизде ушундайго азыр
0
asyl81
2014-05-12 11:41:21
кызганбай "кара жерге кир"
+8
jypara1415
2014-05-12 12:11:06
Олтуруп алып , каалаганынча кызганып жат эми !
+4
Oi_pikir
2014-05-12 12:41:15
Мен машинемди койгон стоянкада болду бул иш. Ал жерде бир нече тигүү цехтери иштейт. Дем алыш күнү шашпай чыгып, стоянкага барсам тигүүчүлөр үрпөйүп баары эшикте жүрүшөт, бир-экөө телефондон милицияга даректерин түшүндүрүп жатышты. Анан эле эки милиционер келип калды. "Денеси муздап, каны катып калыптыр, анан тез жардам чакырган жокпуз" деп жатышты.
0
mmiram
2014-05-12 13:16:30
Баладай бала болсочу ошол кылмышкер. Эмнеге анча кылганын эмдигиче тушунунбой башыбыз ман. Бир шерменденин айынан тагдыры бут бузулду бала энесинен ажырап атасы кесилип
-2
mmiram
2014-05-12 13:26:36
Же бир ичип жургон бала болсочу, же каны кызуу жинди неме болсочу, же бир копкон неме болсочу ал ошону кормок дейт элек. Ээ кудай аялга ыйман бербесе ушинтип озуно ажал, озгого азап табат тура
-2
tynara81
2014-05-12 13:35:31
mmiram, бешенеге жазылганын көрөт тура адам баласы. Силер тааныйт белеңер аларды? Ошон үчүн бири болбосо бири акыл менен иш тутуш керек да үй- бүлөөдө. Аялда ыйман жокпу, күйөөсү сабырдуу болушу керек, кызуу кандуулукка алдырбай.
+2
Begimkyz
2014-05-12 13:46:39
Баласы болсо керек. Боорум ачып атат балдарына.
0
mmiram
2014-05-12 18:26:16
"Кармалган" деп тим эле кармап келгенсип айтышканын кара тим эле. "Озу келди" деп чындыкты айтышса ооздору кыйшаябы
0
guli-1980
2014-05-12 23:08:07
Ыйманы жок аялды олтургончо ажырашып кеткен он эмес беле? Эми озу да турмодо отурбай. Эгер аялынын бузулганы чын болсо оз убалы озуно. Куйоосу бар туруп жургону чын болсо башкаларга да сабак болоор.
-1
Aike0909
2014-05-13 02:59:19
кудайды карап оозунарды чойгулачы бузулду кызганычтын айынан деп эмне кармап алыппы олгон кыздын эле шору эрте олуп кундун сарысын корбой бала чумо да озунун аялын бузуку кылып турмодо чирисин эркекпи олтурбой эле эки койногун алып энесине тапшырып кетпейби
+4
Zhozho
2014-05-13 03:25:07
Бул кызганыч ээби менен болсо,бирок бул да озунчо оору. Эркек киши кызганчаак болсо ар кайсы нерсени таап деле кызгана берет.Мындай нерселер коп кездешип калды кызганычтын айынан олтуруп коюш без проблем болуп калды.Аял кишиге да Эркек кишиге да Кудайым инсап берсин....


+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан